23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата 20-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда «Китеп Ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү. Алгач иш-чараны университеттин ректору, профессор Айгүл Төлөковна ачып сөз сүйлөдү. Айгүл Төлөковна болочок педагог-студент жаштарыбызга кайрылып, биз сыймыктанып ысымын алып жүргөн педагог, окумуштуу, коомдук ишмер И. Арабаевдин «Алиппе» китеби элибиздин сабатсыздыгын жоюуга чон салымын кошкондугун сыймыктануу менен белгилеп өттү.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында университтин Илимий китепканасынын демилгеси менен «Бир мугалимден бир китеп» деген акция өткөрүлдү. Акцияга университеттин окутуучулар жааматы, окумуштуулары активдүү катышып, Илимий китепканага өздүк китепканаларында топтолгон китептер менен катар, өздөрү жазган окуу китептерди, окуу-методикалык куралдарды тапшырышты. Алсак, Педагогика факультетиндеги башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Мусаева Венера Инаятовна 1000ден ашуун илимий, көркөм адабияттарды китепканага белекке берди. Акцияга негизинен бардык факультеттер активдүү катышып, жыйынтыгында китепканага миден ашуун китеп келип түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Жаш калемгер» клубунун мүчөлөрү студент жаштар И.Арабаевдин 140-жылдыгына карата жыл бою жүргүзүлгөн кароо-сынакка авторлук жана китепке арналган ырларын окушуп, мыкты ырлар сыйлыктарга татыктуу болушту. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *