Архив рубрики: Новости

Китепканачы Анара Алмамбетовна 70 жашта!

2023-жылдын 2-июнунда КМУнун Илимий китепканасында китепкананын кызматкери Королуева Анара Алмамбетовнанын 70 жылдык маарекесин куттуктоо боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага КМУнун Профсоюз уюмунун төрагасы Догтурбек Назар Ардак Грамота тапшырды, китепканачылар жамааты куттукташты жана «Жаш калемгерлер» ийриминин мүчөлөрү арноо ырларын тартуулады.

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата 20-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда «Китеп Ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү. Алгач иш-чараны университеттин ректору, профессор Айгүл Төлөковна ачып сөз сүйлөдү. Айгүл Төлөковна болочок педагог-студент жаштарыбызга кайрылып, биз сыймыктанып ысымын алып жүргөн педагог, окумуштуу, коомдук ишмер И. Арабаевдин «Алиппе» китеби элибиздин сабатсыздыгын жоюуга чон салымын кошкондугун сыймыктануу менен белгилеп өттү.

Квалификацияны жогорулатуу

2023-жылдын 31-мартында Илимий китепкананын №1 окуу залында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында Электрондук китепкананын бөлүм башчысы Кутуева Б.К. «Электрондук ресурстар. Сайт менен иштөө, издөө, көчүрүү ж.б.» темасында сабак өттү жана практика жүзүндө көрсөтүп берди.

«Келген экен көрсө, сүйкүм жаз айым» (Педагогика факультетинде окуган студент кызыбыздын чакан поэзия кечеси)

2023-жылдын 29-мартында КМУнун Илимий китепканасынын №2 окуу залында Педагогика факультетинин 2-курсунун студенти Көктаева Аянанын «Келген экен көрсө, сүйкүм жаз айым» аттуу чакан поэзия кечеси болуп өттү.

21-февраль — Бүткүл дүйнѳлүк эне тилдин эл аралык күнү

17-февраль, жума күнү Илимий китепкананын «Кыргыз Руху» залында И.Арабаев атындагы КМУ жана КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КРнын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте 21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата «Эне тил – илимий изилдөөлөрдүн темасында» аттуу илимий конференция уюштурушту.

Кезектеги көргөзмө: «Устаттыктын улуу уңгусу»

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чара 2022-жылдын 21-декабрында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында болуп өттү. «Устаттыктын улуу уңгусу» аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чара

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чарага китеп көргөзмөсү коюлду. Көргөзмөдө Арабаевдин китептери, газета-журналдарга чыккан материалдар коюлду.