Архив за месяц: Декабрь 2019

И. Арабаев атындагы КМУда заманбап шарттагы китепкана ачылды

20- декабрь күнү И. Арабаев атындагы КМУда баардык шарттары бар, заманбап-техникалык каражаттар менен жабдылган илимий китепкананын ачылышы болуп өттү. Иш- чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек  Абдырахманов баштаган окуу жайдын жамааты, Маданият жана маалымат министрлигинин орун басары Нуржигит Кадырбеков, бир катар  коомдук ишмер, илимий агартуучулар, китепканалардын жетекчилери жана ошондой эле  Москвадан келген кадырлуу коноктор, тактап айтканда  Москванын мамлекеттик педагогикалык университетинин илимий китепканасынын өкүлдөрү катышышты.

Эске салып айта турган болсок, китепкана азыркы учурда өлкөдө жүрүп жаткан “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында ишке ашты. Мындай заманбап шарттагы китепкана Кыргызстанда биринчилерден болуп, И. Арабаев атындагы КМУда курулуп, пайдаланууга берилгенин белгилеп коюбуз зарыл.

Китепканачы Вера Петровнанын 80 жылдык мааракеси белгиленди

 Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда китепканачы Вера Петровнанын 80 жылдык мааракеси белгиленди.

Университеттин ректору Т.Абдырахманов, Окуу башкармалыгынын башчысы жана институттун директору Г.Акиева Вера Петровнанын үзүрлүү эмгек жолуна, коомду жана элди агарткан билим тармагына кошкон салымы үчүн жакшы тилектерин айтып, КМУнун Куттуктоо баракчасын тапшырышты.

Ошондой эле институттун окутуучулары, Вера Петровнанын кесиптештери жана шакирттери ыраазычылык сѳздѳрүн айтышты.

Менин Айтматовум

5-апрелде мамлекеттик университетте белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин «Менин Айтматовум» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Окуу жайдын таланттуу студенттеринин колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү кечени баштап берди. Китептин бет ачаар аземине кыргыздын белгилүү инсандары: ректор, профессор Т.Абдырахманов, экс-министр И.Болжурова, Ч.Айтматов атындагы «Ысык-Көл» форумунун президенти А.Айтматов, «Чыңгыз Айтматов» фонддунун директору Э.Айтматов, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик Сүрөтчүлөр окуу жайынын директору Н.Мамай ж.б. катышты.

Аземди ректор Т.Абдырахманов ачты. Ректор өз сөзүндө жаштардын билим берүү, маданият тармагында татыктуу ордун табуусу жана азыркы учурдун интеллигенциясын түзүүсү үчүн Ю.Шыгаев сыяктуу өз ишин мыкты билген чеберлердин, устаттардын тарбиясы керектигин айтты.

Ал эми И.Болжурова буларга токтолду. «Ю.Шыгаевдин эмгектери кыргыз искусствосундагы эң чоң маданий байлыктын туу чокусу. Анткени Ю.Шыгаев өз чыгармаларында терең философиялык ой-толгоолорду чагылдырып, адамдын аң-сезимине жаңы бир турмуштук ачылыштарды көргөзүп турган сүрөткер. Учурда жаштардын китеп окубай, маданиятка кызыкпай, өз алдынча ойлонуусу абдан өксүп жатканда, ушундай иш-чара, кече, жолугушууларды өткөрүп туруу милдет», – деди экс-министр.

Улуу жазуучунун уулдары Аскар жана Элдар Айтматовдор сүрөтчүнүн эмгектерине жана жаңы китептин бет ачаарына кеңири токтолушуп, Ю.Шыгаевге ыраазычылык билдиришти.

Окуу жайдын колледждин студенттери кыргыз аялзатынын улуттук жана заманбап кийим-кечесинин көргөзмөсүн көрсөтүштү.

Белгилүү сүрөтчүгө арналып жазылган ырларын студенттер жана мектеп окуучулары окушту.

Кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Мектеп китепканачыларынын ишмердигиндеги инновациялык иштер

И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова ат. КЖ ж/а ККД институтунда 2019-жылдын 19-апрелинен 29-апрелине чейин «Мектеп китепканачыларынын ишмердигиндеги инновациялык иштер» деген темада квалификацияны жогорулатуу курсу башталды.

Бул курска Ош областынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн жетектөөчү адистер жана мектеп китепканаларында иштеген кызматкерлер, китепканачылар, методисттер келип өтүшүүдө. 2019-жылдын 22-апрелинде бул курстун биринчи сааттарын тренер, п.и.к., доц. Давлетярова Нурила Айтбаевна өткөрдү.