5-апрелде мамлекеттик университетте белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин «Менин Айтматовум» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Окуу жайдын таланттуу студенттеринин колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү кечени баштап берди. Китептин бет ачаар аземине кыргыздын белгилүү инсандары: ректор, профессор Т.Абдырахманов, экс-министр И.Болжурова, Ч.Айтматов атындагы «Ысык-Көл» форумунун президенти А.Айтматов, «Чыңгыз Айтматов» фонддунун директору Э.Айтматов, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик Сүрөтчүлөр окуу жайынын директору Н.Мамай ж.б. катышты.
Аземди ректор Т.Абдырахманов ачты. Ректор өз сөзүндө жаштардын билим берүү, маданият тармагында татыктуу ордун табуусу жана азыркы учурдун интеллигенциясын түзүүсү үчүн Ю.Шыгаев сыяктуу өз ишин мыкты билген чеберлердин, устаттардын тарбиясы керектигин айтты.
Ал эми И.Болжурова буларга токтолду. «Ю.Шыгаевдин эмгектери кыргыз искусствосундагы эң чоң маданий байлыктын туу чокусу. Анткени Ю.Шыгаев өз чыгармаларында терең философиялык ой-толгоолорду чагылдырып, адамдын аң-сезимине жаңы бир турмуштук ачылыштарды көргөзүп турган сүрөткер. Учурда жаштардын китеп окубай, маданиятка кызыкпай, өз алдынча ойлонуусу абдан өксүп жатканда, ушундай иш-чара, кече, жолугушууларды өткөрүп туруу милдет», – деди экс-министр.
Улуу жазуучунун уулдары Аскар жана Элдар Айтматовдор сүрөтчүнүн эмгектерине жана жаңы китептин бет ачаарына кеңири токтолушуп, Ю.Шыгаевге ыраазычылык билдиришти.
Окуу жайдын колледждин студенттери кыргыз аялзатынын улуттук жана заманбап кийим-кечесинин көргөзмөсүн көрсөтүштү.
Белгилүү сүрөтчүгө арналып жазылган ырларын студенттер жана мектеп окуучулары окушту.
Кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.