22- декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде алгачкы агартуучу-илимпоз И.Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелери: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу» аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болду. «Ишеналы Арабаев — алгачкы кыргыз агартуучусу» аттуу китеп көргөзмөсү коюлду. Китеп көргөзмөдө Арабаевдин алгачкы эмгектери (түп нуска), Арабаев жөнүндө жазылган окумуштуулардын эмгектери, макалалары жана Арабаевге арналган студенттердин ырлары, эсселери, докладдары коюлду.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чарага китеп көргөзмөсү коюлду. Көргөзмөдө Арабаевдин китептери, газета-журналдарга чыккан материалдар коюлду.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде 19-майда «ХХI кылымдын кадрлары» аталыштагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форумунун алкагында Илимий китепкана китеп көргөзмө койду. Ага китепканачы Сулайманова Г.А. көргөзмөдөгү материалдар тууралуу кеңири маалымат берди.