Tag Archives: #илимийкитепкана

21-февраль — Бүткүл дүйнѳлүк эне тилдин эл аралык күнү

17-февраль, жума күнү Илимий китепкананын «Кыргыз Руху» залында И.Арабаев атындагы КМУ жана КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КРнын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте 21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата «Эне тил – илимий изилдөөлөрдүн темасында» аттуу илимий конференция уюштурушту.

Кезектеги көргөзмө: «Устаттыктын улуу уңгусу»

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чара 2022-жылдын 21-декабрында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында болуп өттү. «Устаттыктын улуу уңгусу» аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чара

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чарага китеп көргөзмөсү коюлду. Көргөзмөдө Арабаевдин китептери, газета-журналдарга чыккан материалдар коюлду.

«Эки доордун элдик агартуучусу — И.Арабаев»

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде 19-майда «ХХI кылымдын кадрлары» аталыштагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форумунун алкагында Илимий китепкана китеп көргөзмө койду. Ага китепканачы Сулайманова Г.А. көргөзмөдөгү материалдар тууралуу кеңири маалымат берди.