Архив автора: Лира Чалбаева

Подписка на электронные журналы

Уважаемые преподаватели, сотрудники, студенты!!!!

НБ КГУ им. И. Арабаева на 2024 год имеет доступ к БД «ИВИС».

ООО «ИВИС» одна из крупнейших российских компаний распространителей печатной периодики.

БД «ИВИС» предлагает доступ к 27 электронным журналам от ведущих российских издательств. (Высшее образование, Педагогика, Вопросы образования, Высшее образование сегодня, Инновации в образовании и др.).

Все материалы без ограничения сохраняет, скачивает, копирует.

Электронные ресурсы прекрасно подходят для использования в учебном процессе научной и аналитической деятельности.

Благодаря БД пользователи могут получать качественную достоверную информацию, быстро ориентироваться в постоянно обновляющемся потоке информаций.

Доступ к базе изданий ИВИС открыт до 30.06.2024 г. 

Работа в БД в стенах университета по IP. Чтобы работать удаленно нужно подойти в НБ уч.корпус №2, чит. Зал №1.

Важная информация!

Уважаемые преподаватели, сотрудники, студенты!!!!

НБ КГУ им. И. Арабаева на 2024 год имеет бесплатный доступ к БД «IPRbook»

 «IPRbooks» — первая и единственная в стране сертифицированная электронно-библиотечная система. Одна из крупнейших российских компаний распространителей печатной продукции.

Электронные ресурсы подходят для использования в учебном процессе научной и аналитической деятельности.

Благодаря БД пользователи могут получать качественную достоверную информацию, быстро ориентироваться в постоянно обновляющемся потоке информаций.

Работа в БД в стенах университета по IP. Чтобы работать удаленно нужно подойти в НБ уч.корпус №2, чит. зал №1.

Китепканачы Анара Алмамбетовна 70 жашта!

2023-жылдын 2-июнунда КМУнун Илимий китепканасында китепкананын кызматкери Королуева Анара Алмамбетовнанын 70 жылдык маарекесин  куттуктоо боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага КМУнун Профсоюз уюмунун  төрагасы Догтурбек Назар Ардак Грамота тапшырды, китепканачылар  жамааты  куттукташты.
2023-жылдын 2-июнунда КМУнун Илимий китепканасында китепкананын кызматкери Королуева Анара Алмамбетовнанын 70 жылдык маарекесин  куттуктоо боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага КМУнун Профсоюз уюмунун  төрагасы Догтурбек Назар Ардак Грамота тапшырды, китепканачылар  жамааты  куттукташты   жана  «Жаш  калемгерлер»  ийриминин  мүчөлөрү  арноо ырларын  тартуулады. Илимий китепкананын директору  Н.А.Давлетярова, жалпы   китепканачылар   жамааты  Анара Алмамбетовнага жакшы каалоо-тилектерин айтып  куттукташты.

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата 20-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда «Китеп Ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү. Алгач иш-чараны университеттин ректору, профессор Айгүл Төлөковна ачып сөз сүйлөдү. Айгүл Төлөковна болочок педагог-студент жаштарыбызга кайрылып, биз сыймыктанып ысымын алып жүргөн педагог, окумуштуу, коомдук ишмер И. Арабаевдин «Алиппе» китеби элибиздин сабатсыздыгын жоюуга чон салымын кошкондугун сыймыктануу менен белгилеп өттү.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында университтин Илимий китепканасынын демилгеси менен «Бир мугалимден бир китеп» деген акция өткөрүлдү. Акцияга университеттин окутуучулар жааматы, окумуштуулары активдүү катышып, Илимий китепканага өздүк китепканаларында топтолгон китептер менен катар, өздөрү жазган окуу китептерди, окуу-методикалык куралдарды тапшырышты. Алсак, Педагогика факультетиндеги башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Мусаева Венера Инаятовна 1000ден ашуун илимий, көркөм адабияттарды китепканага белекке берди. Акцияга негизинен бардык факультеттер активдүү катышып, жыйынтыгында китепканага миден ашуун китеп келип түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Жаш калемгер» клубунун мүчөлөрү студент жаштар И.Арабаевдин 140-жылдыгына карата жыл бою жүргүзүлгөн кароо-сынакка авторлук жана китепке арналган ырларын окушуп, мыкты ырлар сыйлыктарга татыктуу болушту. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен аяктады.

Квалификацияны жогорулатуу

2023-жылдын 31-мартында Илимий китепкананын №1 окуу залында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында Электрондук китепкананын бөлүм башчысы Кутуева Б.К. «Электрондук ресурстар. Сайт менен иштөө, издөө, көчүрүү ж.б.» темасында сабак өттү жана практика жүзүндө көрсөтүп берди. Китепкананын кызматкерлери өз ордуларында китепкананын сайтынан керектүү китепти издеп таап, окурмандарга көчүрүп бере алат.

«Келген экен көрсө, сүйкүм жаз айым» (Педагогика факультетинде окуган студент кызыбыздын чакан поэзия кечеси)

2023-жылдын 29-мартында КМУнун Илимий китепканасынын №2 окуу залында Педагогика факультетинин 2-курсунун студенти Көктаева Аянанын «Келген экен көрсө, сүйкүм жаз айым» аттуу чакан поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеге 1, 2, 3-курстун студенттери жана факультеттин окутуучулары, «Жаш калемгерлер» адабий ийриминин мүчөлөрү катышып, чакан программадагы иш-чараны тартуулашты.

21-февраль — Бүткүл дүйнѳлүк эне тилдин эл аралык күнү

17-февраль, жума күнү Илимий китепкананын «Кыргыз Руху» залында И.Арабаев атындагы КМУ жана КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КРнын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте 21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата «Эне тил – илимий изилдөөлөрдүн темасында» аттуу илимий конференция уюштурушту.

Илимий китепкана «Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнү» деген аталыштагы китеп көргөзмө койду. Китеп көргөзмөдө кыргыз, орус, түрк, кытай, корей, араб, англис, немец, япон тилдериндеги китептер коюлду.

Кезектеги көргөзмө: «Устаттыктын улуу уңгусу»

22- декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде алгачкы агартуучу-илимпоз  И.Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелери: Ишеналы Арабаевдин  агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу» аталыштагы эл аралык илимий-практикалык  конференция болду.  «Ишеналы Арабаев — алгачкы кыргыз агартуучусу»  аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.  Китеп көргөзмөдө Арабаевдин алгачкы эмгектери (түп нуска), Арабаев жөнүндө жазылган окумуштуулардын эмгектери, макалалары  жана Арабаевге арналган студенттердин  ырлары, эсселери, докладдары коюлду.

5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу иш-чара